# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37025/edition/24656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (06.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020432

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-ноябры № 526

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Биологиялык түрдүүлүктү колдоо, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларында: "Акы төлөөнүн ставкалары (сом менен)" графасында:

- 7-пунктундагы "7 000,0" деген цифралар "15 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 8-пунктундагы "8 000,0" деген цифралар "15 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 9-пунктундагы "70 000,0" деген цифралар "100 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы "450 000,0" деген цифралар "700 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
