Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 „Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-ноябры № 526
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Биологиялык түрдүүлүктү колдоо, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларында: "Акы төлөөнүн ставкалары (сом менен)" графасында:
- 7-пунктундагы "7 000,0" деген цифралар "15 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "8 000,0" деген цифралар "15 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "70 000,0" деген цифралар "100 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "450 000,0" деген цифралар "700 000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын…Постановление · 20.10.2015 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон