Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-декабры № 848-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Санариптик экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүү темпине жетишүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маалыматтарды берүүгө жооптуу болуп аныкталган мамлекеттик органдар жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө ар бир өткөн жыл үчүн санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине толук жана анык маалыматты берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги:
1) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи эсептөөдөн баштап санариптик экономиканын индексин өлчөөнүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине берсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) 2026-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн зарыл болгон мамлекеттик органдардын маалыматтарын чогултууну жана иштеп чыгууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү борборлоштурулган санариптик платформаны иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 848-т тескемесине)Положение · 25.12.2024 · № 848-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы №772-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 848-т тескемесине…Распоряжение · 09.09.2025 · № 772-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.