# 8-берене

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5457/edition/24675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020397/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 8-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-8

---

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:

"3) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

4) ага карата ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар.";

2) 15-берененин 5-бөлүгүндө "жетекчи" деген сөз алып салынсын.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-9)
