# 5-берене

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5457/edition/24675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020397/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-5

---

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 1 (1), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү жараны сот аткаруучу боло албайт:

1) жыйырма бир жашка чыга элек;

2) жогорку юридикалык билими жок;

3) соттуулугу, анын ичинде алып салынган же жоюлган соттуулугу бар; же ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган; анын жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;

4) өзүнүн иштиктүү жана жеке сапаттары боюнча, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмсүз.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-6)
