# 4-берене

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5457/edition/24675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020397/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-4

---

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-беренеде:

а) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Ушул берененин 61-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайланууга укуксуз.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүк менен толукталсын:

"61. Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар; же болбосо аларга карата аталган кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган жарандар да шайланууга укуксуз.".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397/st-5)
