Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 63-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Ушул Кодекстин 336-343-беренелеринде, 344-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 345-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу милдеттүү түрдө дайындалат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат.";
2) 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө "225, 337-346-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды", "225, 337-346-беренелеринде каралган кылмыштарды" деген сөздөр "225-беренесинде каралган кылмышты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 79-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул Кодекстин 336-348-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн адам күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзгөндө жана материалдык зыяндын ордун толугу менен толтурганда, сот адам күнөөлүү деп таанылган беренеде каралган жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындайт.";
4) 95-беренеде:
а) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кылмыш жасаган адам жазадан бошотулгандан, жазасын өтөп бүткөндөн же жазаны аткаргандан кийин төмөнкү мөөнөттөр өтсө, ал соттуулугу жок деп, ал эми соттуулугу жоюлган деп эсептелет:";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, соттулугун жоюу кылмыш жасоонун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жоёт.";
5) 336-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
6) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
б) 337-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
7) 338-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
8) 3381-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
9) 339-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
10) 340-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызмат адамынын иштеген акыркы эки жылда мыйзамдуу булактар менен ырасталган расмий кирешелеринен ашкан нарктагы мүлктү анын менчикке (пайдаланууга) сатып алуусу же анын мындай мүлктү жакын туугандарына же башка адамдарга өткөрүп берүүсү, - мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
11) 341-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
12) 342-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
13) 343-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
14) 344-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "3000дөн 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, - мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
15) 345-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) ири өлчөмдө;
2) билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасагандыгы үчүн;
3) кызмат адамы, анын ичинде жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган, -
белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
16) 346-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
17) 347-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"учурдагы саясий баш паанегин эске алуу менен чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга карата аларды Кыргыз Республикасынан чыгарып жиберүү менен же аны колдонбостон, мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
18) 348-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230020397/st-1" title="1-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>