# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-декабры ПЖ № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-декабры ПЖ № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 336
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10791/edition/24566/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-декабры ПЖ № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (02.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020364

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 2-декабры ПЖ № 336

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана анын аппаратынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- эгерде сот системасынын аппаратынын жетекчисинин орун басары сот системасынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе.";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

## II бөлүмдүн 4-главасынын 2-пунктунда "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

Ж-Б

Аппараттын жетекчисинин орун басары(\*)

Аппараттын жетекчисинин орун басары(\*)

Департаменттин директорунун орун басары(\*)

Директордун орун басары(\*)

".

2. Бул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Н. Жапаров
