# 62-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020362/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5454/edition/24561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020362/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 62-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020362/st-62

---

Реабилитациялоо боюнча комиссия изилдөөчү катары жогорку билимдүү жана архивдик материалдар менен иштөө тажрыйбасы бар окумуштууларды, адистерди жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартат. Илимий кызматкерлер жана Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен бардык архивдик мекемелерде 1917-1953-жылдардагы мезгилдерге тиешелүү архивдик материалдар менен тоскоолдуксуз таанышууга укуктуу. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жана изилдөөчүлөрүнө 1917-1953-жылдардагы окуялар жөнүндө архив фондун жана саясий репрессиялардын курмандыктарынын кылмыш-жаза иштеринин материалдарын пайдаланууга тыюу салууга же чектөөгө жол берилбейт. Изилдөөчү ар бир репрессияланган адам боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия тарабынан бекитилген форма боюнча өзүнчө баяндама даярдайт жана Реабилитациялоо боюнча комиссиянын кароосуна сунуш кылган баяндамада берилген маалыматтын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик алат. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия репрессияланган адамды реабилитациялоо же болбосо реабилитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуштама менен материалдарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүү чечимин кабыл алат. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Реабилитациялоо боюнча комиссия репрессияланган адамды реабилитациялоо тууралуу баяндаманы жана ал жөнүндө маалыматты Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү китебине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы Реабилитациялоо боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде баяндаманын жалпыга жеткиликтүү электрондук формасын түзөт. Реабилитациялоо боюнча комиссия расмий баяндаманын текстин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайттарына жайгаштырат жана аны жылына бир жолудан кем эмес жарыялоо аркылуу коомчулукка өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымдап турат.";

6) 10-статьянын биринчи бөлүгү "Акталгандар үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 3-статьясынын алтынчы абзацында көрсөтүлгөн реабилитацияланууга тийиш адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

7) 11-статьяда:

а) үчүнчү бөлүктүн биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 3-статьясынын алтынчы абзацында көрсөтүлгөн реабилитацияланууга тийиш адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын курмандыгы катары реабилитацияланган, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин, агартуу, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн элеси жана алардын сөөгү коюлган жерлер түбөлүккө сакталууга тийиш.". Эскертүү: Ушул Мыйзамда мамлекеттик тил менен расмий тилдин 1-берененин 7-пунктунун "а" пунктчасында айырма бар

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362/st-2)
