# 9-берене. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 9-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-9

---

1. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан төмөнкүдөй принциптерди эске алуу менен түзүлөт:

1) ыктыярдуу катышуу;

2) тараптардын тең өкүлчүлүгү;

3) стандартташтыруунун ушул Мыйзамдын 4-беренесинде белгиленген максаттарын жана милдеттерин сактоо;

4) стандартташтыруу боюнча техникалык комитет жөнүндө маалыматтын ачыктыгы менен жеткиликтүүлүгү.

2. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер улуттук стандарттарды, эрежелердин жыйындыларын, мамлекеттер аралык стандарттарды (эгерде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасы тарабынан жүзөгө ашырылса) иштеп чыгуу, стандартташтыруунун бардык кызыкдар субъекттеринин стандартташтыруу боюнча ишке катышуусу үчүн шарттарды түзүү үчүн түзүлөт.

3. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүүнүн, иштөөсүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн, натыйжалуулугун баалоонун, жоюунун тартиби стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан белгиленет.

Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттин ишин уюштуруучулук, маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо анын базасында техникалык комитет түзүлгөн уюм тарабынан жүзөгө ашырылат. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иштерин каржылоо кызыкдар ишканалар жана уюмдар менен келишимдик негизде, гранттардын, донордук каражаттардын жана башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-10)
