# 3-берене. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 3-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-3

---

1. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден турат.

2. Техникалык жөнгө салуу максаттары үчүн стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу аскердик чөйрөдөгү, мамлекеттик сырларды жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү, атомдук энергияны пайдалануу, ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, электр байланышы жаатындагы стандартташтыруунун укуктук негиздерине жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-4)
