# 27-берене. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтык

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 27-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-27

---

1. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жергиликтүү продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;

2) улуттук стандарттарды эл аралык жана регионалдык стандарттарга шайкеш келтирүү;

3) эл аралык стандарттарды, регионалдык стандарттарды жана мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана иштеп чыгууга катышуу;

4) стандартташтыруу чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат менен алмашуу;

5) эл аралык, регионалдык жана мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн тартуу.

2. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын ишинин алкагында жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-28)
