# 26-берене. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 26-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-26

---

1. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси менен кызыкдар жактарга улуттук стандартташтыруу системасына таандыктыгы жөнүндө маалымдоо үчүн милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон улуттук стандартташтыруу системасынын документтери маркаланат, ошондой эле улуттук стандартка шайкеш келген продукция жана (же) мындай продукцияга тиркелген эксплуатациялык же башка документтер маркаланышы мүмкүн.

2. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси менен улуттук стандартка шайкеш келген продукция маркаланышы мүмкүн.

3. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси атайын белги болуп саналбайт жана маалыматтык максаттарда коюлат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-27)
