# 25-берене. Улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, эрежелердин жыйындыларын, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын документтерин расмий жарыялоо, басып чыгаруу жана жайылтуу

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 25-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-25

---

1. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, эрежелердин жыйындыларын, мамлекеттик классификаторлорду белгиленген тартипте расмий жарыялоону, басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат. Стандарттарды жарыялоо тексттерди Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органынын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык стандарттарды, регионалдык стандарттарды жана регионалдык эрежелердин жыйындыларын, чет мамлекеттердин стандарттарын жана чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындыларын, чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча башка документтерин, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын документтерин басып чыгарууну жана жайылтууну Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, стандартташтыруу боюнча эл аралык же регионалдык уюм тарабынан белгиленген тартипте жана шарттарда камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-26)
