# 19-берене. Стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 19-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-19

---

1. Стандартташтыруу боюнча документтер Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунда милдеттүү же эсептик катталууга тийиш.

2. Негиз болуучу улуттук стандарттар жана стандартташтыруу эрежелери, улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар, эрежелердин жыйындылары, мамлекеттик классификаторлор, стандартташтыруу боюнча рекомендациялар милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

3. Уюмдардын стандарттары, техникалык шарттар, техникалык отчеттор жана башка документтер эсептик катталууга тийиш.

4. Стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо тартибин Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы белгилейт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-20)
