# 15-берене. Эрежелердин жыйындылары

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 15-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-15

---

1. Эрежелердин жыйындылары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана административдик ведомстволор тарабынан иштелип чыгат, бекитилет, өзгөртүлөт жана жокко чыгарылат.

Эрежелердин жыйындылары министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор же аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан кабыл алынуучу стандарт же стандарттын бир бөлүгү же өз алдынча документ болушу мүмкүн.

2. Чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындылары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-16)
