# 13-берене. Мамлекеттик классификаторлор

- Документ: [Стандартташтыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 5 "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5453/edition/24549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020351/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Стандартташтыруу жөнүндө, 13-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-13

---

1. Мамлекеттик классификаторлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан иштелип чыгат.

2. Мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуунун, экспертиза жүргүзүүнүн, бекитүүнүн, жүргүзүүнүн, колдонуунун жана жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан аныкталат.

3. Мамлекеттик классификаторлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте маалыматтык системаларда жана ведомстволор аралык маалымат алмашууда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020351/st-14)
