# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 7 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 7 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5452/edition/24542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-январындагы № 7 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020349

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 11-январы № 7

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020349/st-1)

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-берененин экинчи бөлүгүндө:

а) 3-пунктта "мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган" деген сөздөр алып салынсын;

б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, саркынды сууну бөлүштүрүүчү, тазалоочу жана суу чарба курулмаларынын мамлекеттик жана муниципалдык объекттерин курууга бөлүнгөн жерлерге;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020349/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасыны Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 12-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
