# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-мартындагы № 3 "Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-мартындагы № 3 "Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36921/edition/24414/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-мартындагы № 3 "Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (10.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020281

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын

2023-жылдын 10-мартындагы № 3

Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Базар-Коргон шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасьшын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы № 197 “Жарандардын кайрылууларын ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу жөнүндө” тескемесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана вице-мэр А.Калмурзаевдин сунушунун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХ-сессиясы токтом кылат:

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын “Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосу” бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ашыралиевке жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

Төрага:

Анарбеков К.К.
