Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын кызматкерлерин материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана дем берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 799
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын кызматкерлерин материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана дем берүү жөнүндө
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесине, 70-беренесинин 5-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 563-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын өнүктүрүү жана дем берүү фонддору (мындан ары - өнүктүрүү жана дем берүү фонддору) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- өнүктүрүү жана дем берүү фонддорун түзүү үчүн республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан өндүрүлгөн укук бузууларды жасагандыгы үчүн айыптардын суммаларын төлөөдөн жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү каражаттардын 100 пайызы багытталат;
- өнүктүрүү жана дем берүү фонддорунун иштөө жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери тарабынан бекитилет.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан өндүрүлгөн укук бузууларды жасагандыгы үчүн айыптардын суммаларын төлөөнүн эсебине түшкөн акча каражаттарын эсепке алууну жүргүзсүн жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары менен өз ара эсептешүүлөрдү квартал сайын салыштырып текшерип турсун.
4. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- өнүктүрүү жана дем берүү фонддорунун иштөө жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59