Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 796
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен натыйжалуу камтуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жободо: жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде: –1-пункттагы «жана кайрылмандар» деген сөздөр «, кайрылмандар жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункт «кайрылмандар» деген сөздөн кийин «жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 «Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелеринде:
– 14-пункттагы «жана кайрылмандар» деген сөздөр «, кайрылмандар жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 16-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) эгерде камсыздандыруу төгүмү камсыздандыруу төгүмдөрүн акыркы төлөө келип түшкөн күндөн тартып катары менен алты календардык ай өткөндөн кийин келип түшпөсө. Ошол эле учурда адамдар төлөнбөгөн мезгил үчүн ММК төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт. ММК төгүмдөрүн төлөбөгөн жеалардын пайдасына төлөнбөгөн адамдар төлөнбөгөн мезгил үчүн, бирок акы төлөө күнүнө чейин он эки айдан ашпаган мезгилге ар бир ай үчүн Кыргыз Республикасынын ММК же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө ММК төгүмдөрүн төлөйт. Бул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген катышта жана өлчөмдөрдө республикалык бюджеттин каражаттарынан ММК төгүмдөрү пайдасына төлөнгөн адамдарга жайылтылбайт.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу Эрежелери (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 токтомуна)Правила · 15.11.2023 · № 597
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.09.2023 · № 491
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.09.2023 · № 491
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 15.11.2023 · № 597