# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 827-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 827-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 827-р
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19408/edition/24276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 827-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020223

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 24-декабры № 827-т

Мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу чараларын жана индикаторлорун актуалдаштыруу жана фондулук рынокту өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планында:

- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

112

Инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу жана фондулук рыноктун санариптик инфратүзүмүн өркүндөтүү

"Кыргыз фондулук биржасы жабык акционердик коомунун соода аянтчасына чыгууну камсыздоо

"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун соода аянтчасына чыгуу

ФМ

30-июнь

Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында

".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
