# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы ПТ № 320 (Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы ПТ № 320 (Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19407/edition/24274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы ПТ № 320 (Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу) тескемеси (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020222

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 30-декабры ПТ № 320

Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктун жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин кызмат ордун жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин кызмат орду үчүн белгиленген эмгек акыны сактоо менен айкалыштырууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
