# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 784
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36872/edition/24254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020209

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 24-декабры № 784

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасына туристтик агымдарды көбөйтүүгө түрткү берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- Сауд Аравия Королдугунун, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султандыгынын. Бахрейн Королдугунун жарандары эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир үч жүз алтымыш күндүк мезгилдин ичинде жалпысынан 180 күндүк мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.";

- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 1-тиркемесинин 18, 27, 30, 42, 44, 52-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100(3655) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
