# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 781
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36871/edition/24234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020208

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 24-декабры № 781

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункттун 1-пунктчасында:

- экинчи абзацтагы "300000000 (үч жүз миллион)" деген сөздөр "150000000 (бир жүз элүү миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацтагы "2500000000 (эки миллиард беш жүз миллион)" деген сөздөр "1500000000 (бир миллиард беш жүз миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- 2027-жылы - 1150000000 (бир миллиард бир жүз элүү миллион) сом;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
