Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-ноябры № 190 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык:
- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.
Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимге арыз даттануулар келип түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 591, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:
- Жумгал айылдык кеңешинин (1-тиркеме);
- Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин (2-тиркеме);
- Түгөл-Сай айылдык кеңешинин (3-тиркеме);
- Байзак айылдык кеңешинин (4-тиркеме).
- Чаек айылдык кеңешинин (5-тиркеме).
- Миң-Куш айылдык кеңешинин (6-тиркеме).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.
4. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү…Указ · 06.09.2024 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрыylfus № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан…Постановление · 23.09.2024 · № 136