# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы № 675 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы № 675 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 675
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19405/edition/24100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы № 675 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (26.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020159

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 26-декабры № 675

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемесинде:

- 1-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы";

- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары";

- 3-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри";

- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары";

- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы";

2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 2-тиркемесинде:

- 2-главада:

тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институттун;"; онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
