# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 835-т (Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 835-т (Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 835-р
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19401/edition/24065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 835-т (Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) тескемеси (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020141

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1161-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 25-декабры № 835-т

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзсүн.

3. 2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 684-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Begin\_nocompare

Тиркеме

Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2025-жылга ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА

Региондун аталышы

Саны

Бишкек шаары

300

Ош шаары

100

Баткен облусу

50

Жалал-Абад облусу

100

Ысык-Көл облусу

50

Нарын облусу

50

Ош облусу

100

Талас облусу

50

Чүй облусу

300

Жалпы

1100

End\_nocompare
