# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230020125)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020125/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5450/edition/24045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020125/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020125/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 741-берене менен толукталсын:

"741-берене. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу

1. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жалпы билим берүү мектептеринин алдында коомдук фонддорду жана бирикмелерди түзүү аркылуу жасалган ошол эле жосун -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (жалпы билим берүүчү мектеп) имараттарына оңдоп-түзөө же курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле көрсөтүлгөн мекемелерди материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен байланышкан иш-чараларды же аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн каражаттарды чогултуу мыйзамсыз чогултуу деп түшүнүлөт.";

2) 456-берене "74-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү," деген сөздөрдөн кийин "741," деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020125/st-48)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230020125/st-3)
