# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабры № 731 "Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабры № 731 "Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 731
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36816/edition/24030/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабры № 731 "Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (30.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2019-жылдын 30-декабры № 731

Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 2007-жылы чыгарылган, "Тайху" маркасындагы төмөнкү 3 автобусту белгиленген тартипте өткөрүп берсин:

- кузовунун № LFNJRRDK37W000827;

- кузовунун № LFNJRRDK57W000831;

- кузовунун № LFNJRRDK77W000832.

2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик органдарда кайра каттоодон өткөрүү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
