Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы „Олимпиадалык резервдин peгиондук мектеби“ мекемесине таандык 4000 квадрат метр (0,4 га) өлчөмүндөгү жер участогун Жалал-Абад шаарынын мэриясына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 31-декабры № 827 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Олимпиадалык резервдин peгиондук мектеби" мекемесине таандык 4000 квадрат метр (0,4 га) өлчөмүндөгү жер участогун Жалал-Абад шаарынын мэриясына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 124 "2023-жылдын 21-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган, 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 150 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемесине таандык, аянты 4,86 га болгон жер участогунан аянты 4000 квадрат метр (0,4 га) болгон жер участогун (мындан ары - жер участогу) өз алдынча бирдик катары бөлүп берсин;
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына жер участогун курулуш-монтаждоо иштери аяктаганга жана жаңы жалпы билим берүү уюму эксплуатациялоого берилгенге чейин курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн 6 (алты) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына Россия Федерациясынын каражаттарынын эсебинен шаардын аймагында курулуш-монтаждоо иштери аяктаганга жана жаңы жалпы билим берүү уюму эксплуатациялоого берилгенге чейин курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн жер участогун 6 (алты) жылдык мөөнөткө Евразия өнүктүрүү банкына мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жер участогун белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Жер участогун мамлекеттик каттоого байланышкан чыгымдар жана башка чаралар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус…Закон · 22.06.2023 · № 124
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон