Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Үрөн (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке жана юридикалык жактардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сактоо тартиби (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 780 токтомуна)
Үрөн (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке жана юридикалык жактардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сактоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Үрөн (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке жана юридикалык жактардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сактоо тартиби "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Тартип үрөндөрдү кабыл алуу, жайгаштыруу, сактоо жана жүктөө (берүү) эрежелерин белгилейт.
2. Үрөндөрдү кабыл алууга талаптар
3. Үрөндөрдүн үлгүлөрүн кабыл алуу жана тандоо эрежелери "Айыл чарба үрөндөрү. Кабыл алуу эрежелери жана үлгүлөрдү тандоо методдору" Мамлекеттер аралык стандарттардын 12036 (мындан ары - МАМСТ) талаптарына ылайык ишке ашырылат.
4. Ар бир келген үрөндүн партиясы "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү. Сапаты жөнүндө документтер" МАМСТ 12046 талаптарына (шейкештик сертификатына) ылайык сорттук жана себүү сапаттары боюнча документтер менен коштолууга тийиш.
5. Жооптуу сактоочу ишканалар тарабынан жеткирүүчүлөрдөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн кабыл алуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жеткирүүчү (же анын өкүлү) жана жооптуу сактоочу ишкананын өкүлүнүн транспорт каражатынын жана андагы үрөндөрдүн "Жүктөрдү маркалоо" МАМСТ 14192 жана "Мүшөктөр жана мүшөк кездемелери. Жалпы техникалык шарттар" МАМСТ 30090 талаптарына ылайык келүүсүн биргелешип текшерүүсүн;
2) МАМСТ 12036; 12037; 12038; 12039; 12041; 12042; 12043; 12044; 12045 ылайык агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан үлгүлөрдү тандоону жана үрөндөрдүн сапатын аныктоону;
3) үрөн салынган мүшөктөрдү саноону же таразага тартууну;
4) үрөндөрдү сактоочу жайга жеткирүүнү жана түшүрүүнү. Үрөндөрдүн сапатынын көрсөткүчтөрү аларды алган жеринде текшерүүнүн натыйжалары боюнча үрөн жеткирүүчүнүн документиндеги көрсөткүчтөр менен "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү. Сапатты арбитраждык аныктоонун эрежелери" МАМСТ 12047 1-3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жол берилген айырмачылыктардан ашкан чоңдукка айырмаланган учурда үрөндүн сапаты жөнүндө документте кошумча төмөнкүдөй белгиленет: "Көрсөткүчтүн мааниси жөнөтүүчүнүн документинин көрсөткүчү менен жол берилген айырмачылыктан ашат. Үрөндөр арбитраждык анализденүүгө тийиш" деп жазылат.
Үрөн жеткирүүчү лабораториялык анализдин маалыматтары менен макул болбогон учурда суткалык мөөнөттө аккредитацияланган лабораторияда жалпы макулдашуу боюнча тандалган арбитраждык анализ жүргүзүү үчүн жиберилүүгө тийиш. Мында арбитраждык анализде алынган натыйжалар үрөн жеткирүүчүнүн жана жооптуу сактоочунун документтеринде жазылган үрөндөрдүн сапатынын көрсөткүчтөрүнүн маанилери менен салыштырылат, андан кийин үрөндөрдүн арбитраждык анализинин натыйжасында төмөнкү корутундулардын бири берилет: Эгерде үрөн жөнөтүүчүнүн коштоочу документинде көрсөтүлгөн сапат көрсөткүчүнүн мааниси арбитраждык аныктоонун натыйжасы менен жол берилген айырмачылыктарынын чегинде болсо, "Үрөн жеткирүүчүнүн _______________________________ (көрсөткүчтүн аталышы) көрсөткүчүнүн мааниси ырасталат"; Эгерде үрөн алган жерде берилген документте үрөндөрдүн сапатынын көрсөткүчүнүн мааниси арбитраждык аныктоонун натыйжасы менен жол берилген айырмачылыктардын чегинде болсо, "Үрөндү жооптуу сактоочунун документинин ________________________________ (көрсөткүчтүн аталышы) көрсөткүчүнүн мааниси ырасталат"; Эгерде арбитраждык анализде алынган үрөндүн сапатынын көрсөткүчүнүн мааниси жол берилгенден көбүрөөк же эки документтин көрсөткүчтөрүнүн маанилери менен жол берилген айырмачылыктын чегинде болсо же үрөндүн сапаты бирдей эмес болсо "______________________ арбитраждык аныктоонун натыйжасы анык". Арбитраждык аныктоодо үрөндүн сапатынын көрсөткүчтөрүнүн маанилеринин ортосунда жол берилген айырма "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү. Сапатты арбитраждык аныктоонун эрежелери" МАМСТ 12047 1-3-тиркемелеринде келтирилген маанилерге ылайык келүүгө тийиш.
6. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн бардык жол-жоболор үчүн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жооптуу сактоочу ишкананын ички эрежелерине (үрөндөрдү кабыл алуу актылары, үрөндөрдүн сапатын аныктоого үлгүлөрдү алуу актысы, таразалоонун натыйжалары жөнүндө акт, үрөндөрдү сактоочу жайга жеткирүү жана үрөндөрдү түшүрүү жөнүндө акт) ылайык таризделүүгө тийиш.
3. Үрөндөрдү таңгактоо, маркалоо, ташуу, жайгаштыруу жана сактоо тартиби
7. Көбөйтүү питомниктеринин, суперэлитанын жана элитанын сатыла турган үрөндөрү "Мүшөктөр жана мүшөк кездемелери. Жалпы техникалык шарттар" МАМСТ 30090 талаптарына ылайык таза салмагы 50 кг ашык эмес кездеме же пропилен мүшөктөргө таңгакталат. Толтурулган мүшөктөрдүн салмагы боюнча ± 1%дан четтөөгө жол берилет.
8. Ар бир мүшөк тигилиши керек.
9. Транспорттук маркалоо реквизиттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүү менен "Жүктөрдү маркалоо" МАМСТ 14192 талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Үрөн салынган ар бир мүшөккө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен маркалоо коюлууга тийиш:
- өсүмдүктү;
- сортту;
- репродукцияны;
- сорттук тазалыгын;
- таза салмагын же үрөндөрдүн санын;
- түшүмдүн жыйналган жылын;
- үрөндүн партиясынын номерлерин;
- дарылоочунун жана пленка түзүүчү заттын аталышын;
- сорттук жана себүү сапаттарын күбөлөндүрүүчү документтин аталышын жана номерин;
- үрөн өстүргөн чарбанын аталышын;
- стандарт белгилерин;
- чыккан өлкөсүн, чарбанын юридикалык дарегин.
Ар бир үрөн салынган мүшөккө ушул эле маалыматтар менен этикетка салынат.
10. Үрөндөр транспорттун ушул түрүндө колдонулган жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык транспорттун бардык түрү менен ташылат. Үрөндөрдү темир жол жана суу транспорту менен ташуу жабык транспорт каражаттарында жүргүзүлөт.
Пакет менен ташуу ченемдик документтерге ылайык жүзөгө ашырылат. Пакеттин бийиктиги 1,2 м, салмагы 1 т ашык болбоого тийиш (КМС 869, КМС 870, КМС 871, КМС 872).
11. Жооптуу сактоочу ишканада үрөндөрдү кабыл алууну жана жайгаштырууну туура уюштуруу үчүн үрөндөрдү кабыл алуунун жана жайгаштыруунун планы түзүлөт, мында төмөнкүлөр эске алынат:
1) сактоого коюлуучу үрөндөрдүн көлөмүнүн планы, өткөн жылдардагы үрөндүн калдыгы;
2) мурунку жылдардын маалыматтары боюнча үрөндөрдүн болжолдонгон сапаты, максаттуу багыты;
3) кампалардын, сактоочу жайлардын жабдууларын, сыйымдуулуктарын сарамжалдуу пайдалануу жана үрөндөрдүн сапатына, абалына жана максаттуу багытына, санына жараша партияларды түзүүнү камсыз кылуу;
4) үрөндөрдүн сапатынын сакталышын камсыз кылуучу мөөнөттөрдө кампаларды жана сактоочу жайларды зыянкечтерден жана кемирүүчүлөрдөн тазалоону жүргүзүү;
5) үрөндөр менен операцияларды механикалаштыруу даражасы жана аларды негизсиз которууга жол бербөө.
Кабыл алынган үрөндөрдүн бир тектүү партияларын түзүү жана аларды жайгаштыруу үрөндү жеткирүүчү менен үрөндү жооптуу сактоочу ишкананын ортосундагы сактоо келишиминин негизинде ишке ашырылууга тийиш.
12. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү сарай зыянкечтери жок жабык жайларда сакталат.
13. Сактоочу жайда кондицияланган нымдуулуктагы үрөндөр өсүмдүктөр, сорттор, репродукциялар, партиялар боюнча өзүнчө жайгаштырылат жана табигый белгиленген температурада жана курчап турган абанын салыштырмалуу нымдуулугунда сакталат.
Дарыланган үрөндөр белгиленген санитардык эрежелерди сактоо менен обочолонгон жайда сакталат.
14. Мүшөктөргө таңгакталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн ар бир партиясы өзүнчө штабелдер менен жыйналууга тийиш.
Полуна асфальт, бетон же таш төшөлгөн кампаларда мүшөктөр полдон 15 см кем эмес жана сактоочу жайдын сырткы дубалынан 70 см аралыкта тактайлардан жасалган төшөмөлөрдө же жүктөгүчтөр үчүн поддондордо коюлат.
15. Штабелдин узундугу сактоо аянты жана партия өлчөмү менен аныкталат. Штабелдин бийиктиги төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
1) дан өсүмдүктөрү үчүн - бири-биринин үстүнө жыйналган 10 катар мүшөк;
2) дан жана чанактуу дан өсүмдүктөрү, чанактуу чөптөр жана соя - 8 катар;
3) май жана техникалык өсүмдүктөр - 6 катар.
Нымдуулугу 14%дан ашпаган кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн, жүгөрүнүн жана буурчактын үрөндөрү үчүн штабелдин бийиктиги 15 катарга чейин, нымдуулугу 8% болгон күн карама үчүн - 8 катар, ал эми нымдуулугу 7% үчүн - 12 катарга чейин болушу мүмкүн. Штабелдин туурасы 2,5 м ашпоого тийиш.
16. Технологиялык операцияларды жүргүзүү, үрөндөрдүн абалын байкоо, аларды кабыл алуу жана берүү үчүн штабелдердин ортосундагы өтмөктөр 1,5 м кем эмес, ал эми мүшөктөрдү жыйноонун жана ташуунун механикалаштырылган каражаттарын пайдаланууда - 2,5 м кем эмес болууга тийиш.
17. Штабелде жыйналган үрөн салынган мүшөктөрдү 4 (көп жылдык чанактуу өсүмдүктөрү үчүн) - 6 айда бир жолудан кем эмес ордун которуп жыйнайт, мында мүшөктөрдүн үстүнкү катарларын астынкы катарга, ал эми астынкыларды үстүнө жыйнайт.
18. Үрөндөрдү үйүп сактоодо анын бийиктиги май жана эфир майы өсүмдүктөрү үчүн 1,5 м, калгандары үчүн - 2 м ашпоого тийиш.
Үрөндөрдүн ар бир гурту үчүн үрөндөрдүн партиясы жөнүндө маалымат жазылган тактайча же көрнөк болууга тийиш.
19. Суук сезондун келиши менен жооптуу сактоочу ишкананын бардык техникалык каражаттарын пайдалануу менен үрөндөрдү кышкы сактоо шартына которуу боюнча иштер жүргүзүлүүгө тийиш.
20. Сакталган үрөндөрдүн температурасы жогорулаганда бул максаттар үчүн жайларды активдүү желдетүү боюнча колдо болгон бардык техниканы, ошондой эле түнкү төмөндөтүлгөн температураны колдонуу менен аларды токтоосуз муздатуу чаралары көрүлүүгө тийиш.
21. Жооптуу сактоочу ишкана үрөндөрдү сактоо учурунда агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аны алуу, үлгүлөрдү алуу, үрөнгө анализ жүргүзүү жана алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
4. Үрөндөрдү жүктөөгө (берүүгө) талаптар
22. Үрөндү жүктөөдө жана берүүдө жооптуу сактоочу ишкананын адистери темир жол вагондорунун (дан ташуучу унаалардын) жана жүктөөгө берилүүчү автомобилдердин техникалык жана санитардык абалын визуалдуу текшерүүгө тийиш.
23. Жооптуу сактоочу ишкана милдеттүү түрдө таразалоо жана тараза журналын толтуруу менен үрөндөрдү темир жол жана автомобиль транспортуна жүктөп жөнөтүүгө тийиш.
24. Темир жол же автомобиль транспортуна жүктөөдө (берүүдө) үрөндөрдүн үлгүлөрүн тандап алуу "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү. Үрөндөрдү кабыл алуу эрежелери жана үлгүлөрдү алуу методдору" МАМСТ 12036 ылайык же Үрөндөрдү тестирлөө эл аралык ассоциациясынын (ҮТЭА) методикасы боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
25. Ар бир жүктөлүүчү (берилүүчү) партиянын үрөнүнүн сапатын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн лабораториялары аныктоого тийиш.
26. Алуучу анализдердин маалыматтары менен макул болбогон учурда үрөндөрдүн үлгүсү суткалык мөөнөттө тараптар макулдашкан аккредитацияланган лабораторияга анализ үчүн жиберилүүгө тийиш.
Жооптуу сактоочу ишкана жана үрөндү алуучу үлгүнү аккредитацияланган лабораторияга жеткирүү ыкмасы жөнүндө чечимди биргелешип кабыл алууга тийиш. Жооптуу сактоочу ишкана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук почта же факс аркылуу пайда болгон кайчы пикирлер жана аккредитацияланган лабораториянын адистери анализ жүргүзүү үчүн үрөндөрдүн үлгүлөрүн жөнөтүү тууралуу билдирүүгө тийиш.
27. Кайчы пикирлер жөнгө салынбаган учурда тараптар талашты чечүү үчүн арбитраждык лабораторияга же бейтарап сотко кайрылууга тийиш.
5. Үрөндөрдүн сапатын жана абалын контролдоо
28. Жооптуу сактоочу ишканага үрөн түшкөн учурдан тартып аны сактоонун бардык мезгили ичинде ар бир партиянын сапатына жана абалына системалуу контролдоо уюштурулат. Үрөндөрдүн температурасы, нымдуулугу, зыянкечтерди жуктуруу жана КМС 869, КМС 870, КМС 871, КМС 872 же МАМСТ 12036; 12037; 12038; 12039; 12041; 12042; 12043; 12044; 12045 ченемделген сапаттын башка көрсөткүчтөрү контролдолот.
29. Кампалардагы үрөндөрдүн температурасын өлчөө үчүн техникалык термометрлер, температуранын индикаторлору менен термосезгичтер колдонулат.
30. Жайгаштырууда үрөндүн нымдуулугун аныктоо үчүн нымдуулукту өлчөгүч колдонулат. Үрөндү бир жылга чейин сактоодо нымдуулуктун деңгээли үрөндөр үчүн төмөнкүдөн ашпоого тийиш:
1) буудай, кара буудай, арпа, сулу, гречка үрөнү үчүн - 14,5%;
2) жүгөрү, күрүч-дан, таруу, соя, буурчак, төө буурчак, жасмык, люпин чанактуу тоюттары үчүн - 13,5%;
3) күн карама, рапс үрөнү үчүн - 7%, сорго - 12,5%.
31. Кампалардагы үрөндүн температурасын байкоо үчүн алардын бети шарттуу түрдө болжол менен ар бири 200 м аянттан турган секцияга бөлүнөт. Ар бир секцияга номер ыйгарылат, ал кампанын кире беришинде кампанын дубалында байкалгандай чоң цифралар менен белгиленет.
32. Ар кандай өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн сактоого коюп жатканда, ошондой эле жүктөөнүн алдында бардык көрсөткүчтөр боюнча лабораториялык анализ жүргүзүлөт. Сактоодо бардык көрсөткүчтөр боюнча лабораториялык анализ "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү Кабыл алуу эрежелери жана тандоо методдору" МАМСТ 12036 ылайык тандалып алынган үлгү боюнча "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү. Үрөндөрдүн сапаты жөнүндө документтер" МАМСТ 12046 ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүү сапатын күбөлөндүрүүчү документтин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабры № 780 "Үрөн (көчөт) материалын өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө укук алган жеке жана юридикалык жактардын айыл…Постановление · 24.12.2024 · № 780