# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230020013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36740/edition/23892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230020013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө" токтому (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230020013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 11-октябры № 216

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалын чыңдоо, мамлекеттик финансыны башкарууда сапатты жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Атайын каражаттар жана материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 19-октябрындагы N 107 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов
