Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өңүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 18-декабры № 765 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өңүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында туризм тармагын натыйжалуу өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары -Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
4. Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- 2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Концепция · 02.12.2025 · № 768
- 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 458 токтомуна)Приложение · 03.07.2026 · № 458
- 2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765…План · 18.12.2024 · № 765
- 2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765 токтому менен бекитилди)Программа · 18.12.2024 · № 765
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2019 · № 36 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 токтомуна ылайык)Программа · 31.01.2019 · № 36 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 443 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2025 · № 443 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2019 · № 36 · Күчүн жоготкон