Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 762 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында Оорулардын эл аралык классификациясына (мындан ары - ОЭК-10) кирген онкологиялык оорулар менен ооруган жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин белгилейт.
2. Пациенттерге медициналык жардам төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлөт:
- баштапкы медициналык-санитардык жардам;
- адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардам;
- паллиативдик медициналык жардам.
3. Пациенттерге медициналык жардам төмөнкүдөй шарттарда көрсөтүлөт:
- амбулаториялык (күнү-түнү медициналык байкоо жана дарылоо каралбаган шарттарда);
- күндүзгү стационарда (күндүзгү убакта медициналык байкоо жана дарылоо каралган, бирок күнү-түнү медициналык байкоо жана дарылоо талап кылынбаган шарттарда);
- стационардык (күнү-түнү медициналык байкоо жана дарылоо камсыз кылынган шарттарда).
4. Саламаттык сактоо системасын уюштуруунун заманбап концепциясы медициналык жардам көрсөтүүнүн 3 деңгээлин карайт, андагы ар бир деңгээл өзүнүн милдеттерин чечет:
1-деңгээл - баштапкы медициналык-санитардык жардам, баштапкы кабыл алууга, алдын алууга жана амбулаториялык дарылоого багытталган; 2-деңгээл - адистештирилген, стационардык медициналык жардам залалдуу шишик диагнозу клиникалык-морфологиялык жактан тастыкталган пациенттерге менчигинин түрүнө карабастан диагностиканын, дарылоонун атайын методун, татаал медициналык технологияларды пайдаланууну талап кылган Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлөт; 3-деңгээл - адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу, стационардык медициналык жардам. Бул медициналык жардам жогорку технологияларды колдонуу жана жогорку квалификациялуу адистерди тартуу менен залалдуу шишик диагнозу морфологиялык жактан тастыкталган пациенттерге медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлөт.
5. Адистештирилген онкологиялык жардам Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун жана стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде, ошондой эле 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын поликлиника бөлүмдөрүндө көрсөтүлөт.
6. Врачка чейинки медициналык жардам орто медициналык персонал тарабынан өз алдынча же мультидисциплинардык команданын курамында көрсөтүлөт, ал өзүнө пациенттин абалын баалоону, врачка чейинки диагноз коюуну, врачка чейинки кийлигишүүлөрдүн планын дайындоону, врачка чейинки манипуляцияларды жана процедураларды, онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды аткарууну, ошондой эле жабыркагандарга, оорулууларга, майыптарга жана өлүп бараткан адамдарга скрининг иш-чарасын өткөрүүнү жана кам көрүүнү камтыйт.
Баштапкы медициналык-санитардык жардам Үй-бүлөлүк медицина борборунда/Жалпы дарыгердик практика борборунда көрсөтүлөт, кабыл алуу жалпы практикалык дарыгерлер/үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башка тар чөйрөдөгү адистер тарабынан жүргүзүлөт.
7. Пациентте онкологиялык ооруга шектенүү жаралса (клиникалык, лабораториялык жана/же инструменталдык маалыматтар болуп, алар онкологиялык оорунун барын болжолдоого мүмкүндүк берсе жана/же аны жокко чыгарууга мүмкүндүк бербесе) же аныкталса жалпы практикалык дарыгерлер/үй-бүлөлүк дарыгерлер, врачтар - тар чөйрөдөгү адистер, орто медициналык персонал бейтапты медициналык уюмдун онкологиялык кабинетине же 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмунун поликлиника бөлүмүнө жөнөтүшөт.
Онкологиялык ооруга шектенүү аныкталгандыгы жөнүндө маалымат медициналык кызматкер тарабынан пациент баштапкы медициналык-санитардык жардам алып жаткан саламаттык сактоо уюмунун онколог-врачына жиберилет.
8. Бул жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
1) Үй-бүлөлүк медицина борборундагы/Жалпы дарыгердик практика борборундагы онкологиялык кабинет - калкка онкологиялык жардам көрсөтүү системасындагы медициналык жардам көрсөтүүнүн 1-деңгээли Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборун базасында түзүлөт, мында тиешелүү тастыктамасы бар онколог-врач кабыл алууну ишке ашырат;
2) пациент - тиешелүү медициналык документтерди жол-жоболоштуруу менен саламаттык сактоо уюмдарында же жекече иш жүргүзгөн медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөн адам;
3) баштапкы медициналык-санитардык жардам - медициналык жардам көрсөтүү системасынын негизи болуп саналат жана оорулардын жана абалдардын алдын алуу, диагностикалоо, дарылоо, сергек жашоо образын калыптандыруу жана калкты санитардык-гигиеналык агартуу боюнча иш-чараларды өзүнө камтыйт;
4) адистештирилген медициналык жардам - пландалган формада медициналык кызматкерлердин жолдомосу менен, медициналык көрсөткүчтөр боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онкологиялык кабинетинде же 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмунун поликлиника бөлүмүндө онколог-врач тарабынан көрсөтүлөт;
5) тастыкталган диагноз - изилдөөнүн морфологиялык, лабораториялык жана аспаптык методдору менен тастыкталган клиникалык диагноз;
6) динамикалык байкоо - пациенттин ден соолугунун абалын системалуу байкоо, ошондой эле бул байкоонун жыйынтыктары боюнча зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү;
7) жогорку технологиялуу медициналык кызмат - диагностиканын жана дарылоонун инновациялык, ресурстарды талап кылуучу жана (же) уникалдуу методдорун пайдаланууну талап кылган ооруларда профилдик адистер тарабынан 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү кызмат;
8) клиникалык топ - онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптарга динамикалык медициналык байкоо жүргүзүүнүн классификациялык бирдиги;
9) клиникалык протокол - медициналык кызматкерлер аткарууга тийиш болгон далилдүү негизде белгилүү бир ооруда же клиникалык кырдаалда пациентке медициналык жардам көрсөтүүнүн жалпы талаптарын белгилеген документ;
10) залалдуу шишиктердин таргеттик терапиясы - шишиктин канцерогенези жана өсүүсүнө зарыл болгон конкреттүү максаттуу (таргеттик) молекулалардын аракетинин механизмине кийлигишүүнүн жардамы аркылуу рак клеткаларынын өсүшүнө бөгөт коюу менен мүнөздөлгөн химиятерапиялык дарылоо методу;
11) аралыктан медициналык кызмат көрсөтүүлөр - ооруларды жана жаракаттарды диагностикалоо, дарылоо, медициналык реабилитациялоо жана алдын алуу максатында медициналык кызмат көрсөтүү, медициналык кызматкерлердин өз ара, жеке адамдар жана (же) алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен аралыктан аракеттенүүсүн камсыз кылуучу санариптик технологиялар аркылуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана баалоо, көрсөтүлгөн адамдарды идентификациялоо, ошондой эле алар жасаган иш-аракеттерди документтештирүү;
12) саламаттык сактоо уюму - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн уюштуруучу (менчик ээси) тарабынан түзүлгөн мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик саламаттык сактоо уюму;
13) онкологиялык жардам - шишиктердин алдын алууга, диагностикалоого жана аларды эрге аныктоого, онкологиялык пациенттердин ден соолугун сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси;
14) радионуклиддик диагностика - радионуклиддер, радиофармацевттик дары препараттары менен белгиленген радиоактивдүү изотопторду же бирикмелерди пайдаланууга негизделген нур менен изилдөө;
15) радионуклиддик терапия - радиофармацевттик дары препаратын куюу, ал зат алмашуу аркылуу жабыркаган органга же тканга жетет (дарылоонун таасири препараттын жергиликтүү радиоактивдүү нурдануусуна негизделет);
16) радиофармацевттик дары препараты - колдонуу үчүн даяр абалда таасир этүүчү зат катары же таасир этүүчү заттын курамында бир же бир нече радионуклиддерди (радиоактивдүү изотопторду) камтыган дары препараты;
17) нур терапиясы (радиотерапия) - багытталган жана атайын дозаланган иондоочу нурдануу аркылуу шишиктерди жана кээ бир шишик эмес ооруларды дарылоо методу;
18) скринингдик изилдөөлөр - ар түрдүү оорулардын өнүгүшүн, ошондой эле алардын пайда болуу коркунучунун факторлорун баштапкы стадиясында аныктоо жана алдын алуу максатында клиникалык симптомдору жана даттануулары жок калкты медициналык текшерүү комплекси;
19) шишикке каршы иммундук терапия - организмди атиптүү клеткалардын зыяндуу таасиринен коргоонун табигый механизмдерине түрткү берүүчү жана модификациялоочу препараттардын жардамы менен онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмасы;
20) шишикке каршы препараттар менен дарылоо - шишик клеткаларынын көбөйүүсүн токтоткон же кайтарылгыс кылып бузган дары каражаттарын колдонуу;
21) ядролук медицина - адамдын органдарынын жана системаларынын ар кандай ооруларын, анын ичинде онкологиялык ооруларды алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо максатында радиоактивдүү элементтер жана иондоштуруучу нурлануу колдонулуучу медицина тармагы;
22) тар чөйрөдө адистештирилген онкологиялык бөлүм - айрым локализациядагы залалдуу шишиктерди диагностикалоого жана дарылоого адистешкен бөлүм (мисалы: баштын жана моюндун, ашказандын, өпкөнүн, боордун шишиктери, аялдардын репродуктивдүү системасынын шишиктери, онкоурология жана башка локализациялар);
23) оорулардын эл аралык классификациясы - саламаттык сактоодо алдынкы статистикалык жана классификациялык негиз катары пайдаланылуучу документ, ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги менен кайра каралып турат. ОЭК-Ю оорулардын диагнозун жана ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдүн сөз менен туюндурулушун маалыматтарды сактоо, алуу жана талдоо ыңгайлуулугун камсыз кылган тамгалык-сандык коддорго айландыруу үчүн колдонулат.
2-глава. Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин негизги милдеттери жана багыттары
9. Адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары бардык деңгээлдерде залалдуу шишик оорулары менен ооруган пациенттерди профилактикалоого, диагностикалоого, дарылоого, паллиативдик жардам көрсөтүүгө жана медициналык реабилитациялоого багытталган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү максатында түзүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын калкына адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин негизги милдеттери:
1) калкка онкология, радиология жана гематология жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу жардам көрсөтүү;
2) онкологиялык, гематологиялык жана шишик алдындагы ооруларды алгачкы жана экинчилик профилактикалоонун натыйжалуу системасын түзүүгө илимий-практикалык жардам көрсөтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
3) онкологиялык, гематологиялык жана шишик алдындагы оорулуулардын алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялуу, анын ичинде дары-дармексиз жаңы методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
4) онкология, гематология жана ядролук медицина боюнча кадрларды даярдоону, анын ичинде чет өлкөлөрдө дипломдон кийинки кайра даярдоону уюштуруу;
5) онкология, гематология илиминин багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызматтарды түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана кармап туруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык.
11. Адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде эпидемияга каршы иштөө режимин сактоо менен медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышат.
3-глава. Онкологиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун тартиби
12. Адистештирилген онкологиялык жардам саламаттык сактоо уюмдары тарабынан менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан көрсөтүлөт. Жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика менен алектенген жеке жактар "Онкология" боюнча медициналык иш жүргүзүүгө лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарына саламаттык сактоо уюмун тандоо укугун эске алуу менен жашаган жана (же) бекитилген жери боюнча адистештирилген онкологиялык медициналык жардамдын аймактык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүшөт.
13. Адистештирилген онкологиялык жардам "Онкология", "Радиациялык онкология", "Химиятерапиялык онкология", "Радиология", "Ядролук медицина" адистиктери боюнча саламаттык сактоо жаатында адистин сертификатына ээ врачтар тарабынан көрсөтүлөт.
14. Адистештирилген онкологиялык жардам саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдорго, ал эми алар жок болгон учурда далилдүүлүк принциптерин эске алуу менен онкология жаатындагы илимдин жана практиканын заманбап жетишкендиктерине ылайык көрсөтүлөт.
15. Биринчи жолу аныкталган онкологиялык оору жөнүндө маалыматты эсепке алуу максатында, менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү диагноз коюлган саламаттык сактоо уюмунун онколог-врачы тарабынан онкологиялык оорунун биринчи жолу аныкталган учуру жөнүндө маалымат биринчи жолу аныкталган залалдуу шишик менен ооруган бейтаптарды каттоо функциясын аткаруучу саламаттык сактоо уюмуна, анын ичинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан администрациялануучу бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системаны колдонуу менен жиберилет.
16. Пациентте онкологиялык оорунун бар экендиги ырасталган учурда диагноз жөнүндө маалымат залалдуу шишиги биринчи жолу аныкталган пациенттерди каттоо функциясын аткарган саламаттык сактоо уюмунан пациентти динамикалык байкоону жүргүзгөн, жашаган жери боюнча алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмуна жиберилет.
17. Онкологиялык оорунун диагнозу онколог-врач, ал эми ОЭК-Ю рубрикасына кирген лимфалык, кан пайда кылуу жана аларга жакын ткандардын залалдуу шишиктери гематолог-врач тарабынан аныкталат.
18. Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онкологиялык кабинетинин онколог-врачы диагнозду тактоо (онкологиялык процесстин жайылгандыгын жана оорунун стадиясын кошкондо, диагнозду аныктоо мүмкүн болбогон учурда), дарылоо тактикасын аныктоо үчүн, ошондой эле адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда, онкологиялык оорулары бар пациенттерге адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмуна же башка саламаттык сактоо уюмуна пациентти жиберет.
19. Онкологиялык оорулары бар пациенттерге адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмунун же башка саламаттык сактоо уюмунун онколог-врачы онкологиялык ооруларда дарылоо тактикасын аныктоо үчүн телемедициналык технологияларды колдонуу, 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмунун адистеринин милдеттүү катышуусу менен милдеттүү түрдө врачтардын (онколог-хирург, онколог-химиотерапевт, радиолог, лаборант-врач, гистопатолог) консультациясын жана консилиумун өткөрүүнү уюштурат.
20. Онкологиялык жардам көрсөткөн 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр бар:
1) динамикалык байкоо бөлүмчөсү менен клиникалык-диагностикалык бөлүм;
2) нур терапиясы бөлүмү (радиологиялык бөлүм);
3) химия терапиясы бөлүмү;
4) шишиктердин хирургиясы бөлүмү.
21. Төмөнкү бөлүмдөр кошумча иштейт:
1) ядролук медицина бөлүмү (борбору): радионуклиддик диагностика бөлүмү, радионуклиддик терапия бөлүмү;
2) тар чөйрөдө адистештирилген бөлүмдөр жана борборлор;
3) онкологиялык оорулууларды калыбына келтирүүчү дарылоо жана реабилитациялоо бөлүмү (кабинети);
4) паллиативдик медициналык жардам жана колдоо терапиясы бөлүмү (борбору).
4-глава. Амбулаториялык шарттарда онкологиялык жардам көрсөтүү тартиби
22. 1-деңгээлдеги саламаттык сактоонун адистештирилген онкологиялык жардамы тарабынан берилген кызматтардын тизмегине төмөнкүлөр кирет:
1) пациенттин абалын баалоо, даттанууларды жана анамнезди топтоо, физикалык текшерүүлөр, лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү дайындоо жана баалоо;
2) оорунун диагнозун аныктоо же тактоо;
3) дарылоого берилгендикти жана мурда дайындалган дарылоонун натыйжалуулугун баалоо, жүргүзүлүп жаткан дарылоонун зарыл болгон коррекциясы, ошондой эле пациенттин дарыланууга болгон мотивациясын жогорулатуу;
4) өмүрүнө коркунуч туудурган оорунун же оорлошуунун күчөө коркунучу жогору болгон адамга медициналык тез жардамды чакыруу зарылдыгы жөнүндө профилактикалык консультация берүү жана түшүндүрүү;
5) медициналык көрсөткүчтөр боюнча кошумча профилактикалык, диагностикалык, дарылоо жана реабилитациялык иш-чараларды дайындоо, анын ичинде пациентти адистештирилген, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөткөн 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмуна жиберүү.
23. Штатта онколог-врач болбосо Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун жетекчиси тарабынан онкология жана залалдуу шишиктерди эрте диагностикалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн медициналык кызматкерлердин ичинен онкологиялык жардам көрсөтүүчү координатор саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген талаптарга ылайык дайындалат.
24. Залалдуу шишик оорусу бар деп шектелсе же аныкталса үй-бүлөлүк медицинанын адистери пациетти онкологго же Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онкологиялык жардам көрсөтүүчү координаторуна жиберет.
25. Онколог же Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онкологиялык жардам көрсөтүүчү координатору жолдомо берилген учурдан тартып жети жумуш күндүн ичинде кароону жана зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча диагнозун ырастоо, кароонун жана дарылоонун кийинки тактикасын аныктоо үчүн пациентти адистештирилген онкологиялык жардам көрсөткөн 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмуна жиберет.
26. Залалдуу шишиктери бар пациентти адистештирилген дарылоо клиникалык-морфологиялык диагноз коюлган жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онкологунун динамикалык байкоосуна алынган учурдан тартып башталат.
27. Залалдуу шишик бар деп шектелген жана диагнозу ырасталган пациенттер Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онкологунун динамикалык байкоосуна төмөнкү клиникалык топтор боюнча алынат:
1) Iа тобу - залалдуу шишик бар деп шектелген оорусу бар пациенттер.
10 күндүн ичинде бул категориядагы пациенттердин диагнозу ырасталууга же жокко чыгарылууга тийиш. Диагиозунун такталгандыгына жараша бул оорулуулар каттоодон чыгарылат же диагнозу ырасталса башка клиникалык топко которулат;
2) lb тобу - залалдуу шишикке чейинки оорулары бар пациенттер.
Факультативдик рак алдындагы оорулары бар оорулуулар Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун врачтарынын, ал эми облигаттуу рак алдындагы оорулары барлар - онкологдун байкоосунда болот жана дарыланат;
3) II топ - атайын дарыланууга (хирургиялык дарылоо, химия терапиясы, нур терапиясы, иммундук клеткалык терапия) тийиш болгон залалдуу шишиктери бар пациенттер;
4) IIа тобу - радикалдык дарыланууга тийиш болгон залалдуу шишиктердин баштапкы формалары бар пациенттер;
5) III топ - залалдуу шишикти радикалдуу дарылоо жүргүзүлгөндөн кийинки пациенттер (дени сак адамдар);
6) IV топ - паллиативдик же симптоматикалык дарыланууга тийиш болгон залалдуу шишиктердин жайылган формалары бар пациенттер.
28. 1а клиникалык тобундагы пациентти тереңдетилген текшерүүнүн (биопсия) жыйынтыктары боюнча биринчи деңгээлдеги врачтар залалдуу шишик бар деген шектенүүнү алып салат же тиешелүү клиникалык топторго которот:
1) шишикке чейинки оору аныкталса пациентти lb клиникалык тобуна которот;
2) залалдуу шишиктин диагнозу ырасталса (верификация) пациент II клиникалык топ боюнча 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмунда динамикалык байкоого алынат;
3) атайын дарылоодо айыкпаган залалдуу шишиктердин жайылган формалары бар пациенттер IV клиникалык топко которулат.
29. Ib клиникалык тобундагы пациенттер катталган жерлеринде, саламаттык сактоо уюмдарында онкологиялык жогорку тобокелдиктеги топторду байкоо тартибине ылайык жүргүзүлгөн, амбулаториялык шарттарда медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарындагы алгачкы медициналык-санитардык жардамдын жана амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдүн адистери тарабынан динамикалык байкоого алынууга жана дарыланууга тийиш.
30. II клиникалык топто оорунун стадиясына карабастан, атайын дарылоо көрсөтүлгөн залалдуу шишиктери бар бардык алгачкы пациенттер, анын ичинде атайын дарылоого көрсөткүчтөрү бар 4-стадиядагы залалдуу шишиктери бар пациенттер байкоого алынат.
31. Атайын дарылоонун толук курсу аяктагандан кийин радикалдуу дарылоонун клиникалык, инструменталдык-диагностикалык ырасталган жыйынтыктарын алганда, ошондой эле залалдуу шишик күчөбөсө жана кайталанбаса II клиникалык топтон III топко которулат.
32. III клиникалык топтун пациенттерин медициналык динамикалык байкоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) оорунун биринчи жылында - үч айда бир жолу;
2) оорунун экинчи жылында - алты айда бир жолу;
3) үчүнчү жылдан баштап -жылына бир жолу.
33. 2-деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын адистери тарабынан II клиникалык топту динамикалык байкоо мезгилдүү клиникалык протоколдорго ылайык үч айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
34. Залалдуу шишик күчөсө жана кайталанса пациенттер III клиникалык топтон II топко которулат.
35. IV клиникалык топко паллиативдик же симптоматикалык дарыланууга тийиш болгон, атайын дарылоого мүмкүн болбогон, оорлошкон кошумча патологиясы бар залалдуу шишиктердин жайылган формалары бар пациенттер кирет.
36. Дарылоо учурунда оору күчөсө II клиникалык топтон IV топко которулат.
37. Атайын дарылоого мүмкүндүк бербеген, динамикалык байкоонун жана абалдын начарлоо убагында оору күчөсө III клиникалык топтон IV топко которулат.
38. Паллиативдик же симптоматикалык дарыланууга муктаж болгон IV клиникалык топтун пациенттери катталган жериндеги алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмунда байкоого алынат. IV клиникалык топтун пациенттери онкологиялык каттоодон чыгарылбайт.
39. Залалдуу шишиктери бар пациенттер (III клиникалык топ) жашаган жана катталган жериндеги амбулаториялык шарттарда медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмунда (1-деңгээлдеги саламаттык сактоо) - үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалпы дарыгердик практика борборлорунда өмүр бою медициналык динамикалык байкоодо болот.
40. Өлкөнүн, региондун чегинде жашаган жерин жана катталган жериндеги саламаттык сактоо уюмун алмаштырса пациент динамикалык байкоодон чыгарылбайт, жаңы катталган же жашаган жери боюнча анын дислокациясы 1 жана 2-деңгээлдердеги уюмдарга документтерди жиберүү менен жүргүзүлөт.
41. Залалдуу шишиктери бар пациент төмөнкү учурларда каттоодон чыгарылат:
1) амбулаториялык пациенттин медициналык картасынан толук көчүрмөсүн ага берүү менен башка өлкөгө көчүп кетсе;
2) "Тери базалиомасы", "Трофобластикалык оору" диагнозу бар, онкологиялык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмунда айыккандан кийин беш жылдан ашык байкоодо болсо, кайталануу болбосо;
3) каза болгондугу тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде.
42. Залалдуу шишиктин диагнозу биринчи жолу коюлганда ар бир пациентке № 090/у "Билдирүү" (мындан ары - "Билдирүү") формасы толтурулат, ал каттоого алуу үчүн үч жумуш күндүн ичинде, диагнозду аныктоо шарттарын (саламаттык сактоо уюмуна алгачкы медициналык-санитардык жардам, 1-деңгээлдеги амбулаториялык-диагностика бөлүмүнө пациенттин өзүнүн кайрылуусу, 2 жана 3-деңгээлдердеги онкологиялык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмуна пациенттин өзүнүн кайрылуусу, калкты медициналык текшерүү комплексин (скрининг) жүргүзүүдө - клиникалык симптомдор жана даттануулар жок, профилактикалык кароону жүргүзүүдө диагноз коюлса) көрсөтүү менен пациенттин туруктуу жашаган жериндеги онкологиялык жардам көрсөткөн 2-деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмуна жиберилет.
43. Канцер-регистрге өзгөртүүлөрдү киргизүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалардын негизинде жүзөгө ашырылат.
44. Өмүрүндө биринчи жолу оорунун IV стадиясы жана III стадиядагы көрүүгө мүмкүн болгон локализациялардагы залалдуу шишиктин диагнозу коюлган ар бир пациентке пациентте залалдуу шишиктин күчөп кеткен (IV клиникалык топ) формасы аныкталган учурга протокол саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча толтурулат.
5-глава. Стационардык шарттарда онкологиялык жардам көрсөтүү тартиби
45. Курамында залалдуу шишиктерди дарылоонун хирургиялык методдору, шишикке каршы дары терапиясы, радиотерапия бөлүмдөрү болгон 3-деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмунун онколог-врачтарын, радиотерапевт-врачты, химиотерапевт-врачты камтыган врачтардын милдеттүү консилиуму (мындан ары - онкологиялык консилиум), анын ичинде телемедициналык технологияларды колдонуу, зарыл болгон учурда башка адис-врачтарды тартуу менен өткөрүлгөн онкологиялык консилиум дарылоо тактикасын белгилейт. Дарылоо методу өзгөргөндө онкологиялык консилиум милдеттүү өткөрүлүүгө тийиш. Адистештирилген стационардык онкологиялык жана гематологиялык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык көрсөтүлөт.
46. Онкологиялык консилиумдун чечими кагаз түрүндө протокол менен таризделет, ал кол менен же басма түрүндө түшүнүктүү толтурулат жана ага консилиумдун катышуучулары тарабынан кол коюлат же болбосо консилиумдун катышуучуларынын квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ формасында таризделет. Протокол менен таризделген онкологиялык консилиумдун чечими пациенттин медициналык документтерине киргизилет.
47. Залалдуу шишиги бар пациенттерге стационардык шарттарда адистештирилген онкологиялык жардам 2-деңгээлдеги (облустук ооруканалардын онкология бөлүмдөрү) жана 3-деңгээлдеги (адистештирилген онкология борборлору) адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.
48. Залалдуу шишиктери бар пациенттерге жогорку технологиялуу медициналык кызматтарды: хирургиялык дарылоону, шишикке каршы препараттар менен дарылоону, нур жана радионуклиддик терапияны, иммундук терапияны, психологиялык жана социалдык жардамды, калыбына келтирүүчү дарылоону жана медициналык реабилитацияны, паллиативдик медициналык жардамды колдонуу менен адистештирилген медициналык жардам көрсөтүлөт.
49. Калкка онкологиялык оорулар учурунда медициналык жардам көрсөткөн 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардам адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө жободо каралган медициналык көрсөткүчтөр боюнча көрсөтүлөт.
50. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленген медициналык жардам көрсөтүү шарттарын аткарууну эске алуу менен саламаттык сактоо уюмун тандоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат пациентке дарылаган врач тарабынан берилет.
6-глава. Үй шартында онкологиялык жардам көрсөтүү тартиби
51. Үй шартында адистештирилген онкологиялык жардам төмөнкүлөрдө көрсөтүлөт:
1) саламаттык сактоо уюмунда бетме-бет консультация берүү мүмкүн болбогон учурда динамикалык байкоодогу пациент (lb, III клиникалык топтор) алгачкы медициналык-санитардык жардамдын же амбулаториялык-диагностика бөлүмүнүн (1-деңгээл) медициналык кызматкерин чакырса;
2) кыймыл чектелген жана паллиативдик медициналык жардамга, анын ичинде аралыктан медициналык кызматтарды колдонуу менен медициналык жардамга муктаж болгон учурда оорунун күчөшүнөн тышкары залалдуу шишиктери бар пациенттерге баруу тартибинде көчмө бригаданы чакырса;
3) стационардан чыгарылгандардын кыймылы чектелгенде же медициналык тез жардам станциясынан активдерди берүүдө оор абалдагы залалдуу шишиктери бар пациенттерге активдүү патронаж формасында;
4) IV клиникалык топтогу пациенттерге үй шартында медициналык жардамды уюштурууда.
7-глава. Залалдуу шишиктерден жабыркаган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү
52. Онкологиялык оорусу бар пациентте медициналык реабилитация жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөр болгондо онколог-врач саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген медициналык реабилитацияны уюштуруу тартибине ылайык аны жүргүзүүнү уюштурат.
53. Онкологиялык оорусу бар пациентте санаториялык-курорттук дарыланууга медициналык көрсөтмөлөр болгондо Үй-бүлөлүк медицина борборунун/Жалпы дарыгердик практика борборунун онколог-врачы санаториялык-курорттук дарылоону уюштуруу тартибине ылайык аны уюштурат.
54. Онкологиялык оорулары бар пациентке паллиативдик медициналык жардам саламаттык сактоо уюмдарынын өз ара аракеттенүү тартибин кошкондо, социалдык тейлөө уюмдары жана коомдук бирикмелер, ден соолукту коргоо чөйрөсүндө өз ишин жүргүзгөн башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан паллиативдик медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө жобого ылайык көрсөтүлөт.
55. Саламаттык сактоо уюмдары онкологиялык оорусу бар деп шектелген, ошондой эле онкологиялык оорунун диагнозу коюлган пациенттерге көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматты саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан башкарылган мамлекеттик маалыматтык системага кийин маалыматтарды берүү үчүн саламаттык сактоо уюмунун медициналык маалыматтык системасына киргизет.
56. 3-деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын койкалык кубаттуулугу, жабдылышы жана сунушталган штаттык ченемдери фундаменталдык медицинанын жана клиникалык онкологиянын илимий ишин жана жетишкендиктерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
57. Пациенттерге медициналык жардам көрсөтүү жайгаштыруу, орнотуу, жабдуу, күтүү, эпидемияга каршы режим, профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар, персоналдын эмгек шарттары, пациенттердин жана медициналык ишти жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдарынын персоналынын тамактануусун уюштуруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келген жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
8-глава. Залалдуу шишиктерден жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү боюнча ишти контролдоо
58. Залалдуу шишиктерден жабыркаган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнү контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.