# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2658-VII “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2658-VII “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2658-VII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16113/edition/23819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2658-VII “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019950

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 18-декабры № 2658-VII

“Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Э.К. Кокулов, М.К. Алиев, Н.О. Сыдыгалиев, В.К. Раимбачаева, А.Н. Абдибаева, А.Т Маткеримов, Б.Э. Тентишев, Б.З. Түлөбаев, А. Исатбек кызы, Л.Х. Лурова, Ш. Мажитова, Т.Т. Мамытов, М.Ж. Сыдыков, Ы.Ы. Атажанов, Р.Ш. Жакышов, А.А. Козуев, А. Алтынбеков, Э.Т. Токтошев, М.О. Темирбаева, Т.И. Икрамов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2.Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздѳрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
