# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабры № 762 "Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабры № 762 "Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 762
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36705/edition/23805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабры № 762 "Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019931

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 18-декабры № 762

Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 97-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
