# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2638-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2638-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2638-VII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16105/edition/23801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 2638-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019924

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 18-декабры № 2638-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нышанов Джайлообай Данибаевичтин ант берүүсү; “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт – Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашуунун шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин токтомунун долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызмат ордуна Касымалиев Адылбек Алешовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна Амангельдиев Данияр Джолдошевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин кызмат ордуна Сыдыков Бакыт Толомушевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүүсү.

Төрага

Н.Т. Шакиев
