# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 794 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 794 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 794
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019923>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36704/edition/23798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019923.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 794 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019923

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8 августундагы № 482 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-декабры № 794

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагына мобилдик байланыш түзүлүштөрүн мыйзамсыз алып кирүүнүн алдын алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде: –төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: “10-1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу максатында чет өлкөлүк жарандар алып келген түзүлүштөр алар өлкөдө болгон мезгилде идентификациялоо операторунда убактылуу катталууга тийиш. Убактылуу каттоо ушул Тартипке ылайык жалпы негиздерде жүзөгө ашырылат.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
