# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230019899/edition/23762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019899

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 374

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана чыгымдарды оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

3-пунктчада "300000000 (үч жүз миллион)" деген сөздөр "150000000 (бир жүз элүү миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан графикке ылайык уставдык капиталды көбөйтүү үчүн 2028-жылга чейин белгиленген тартипте "МКУ" ААКка 5150000000 (беш миллиард бир жүз элүү миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана этап-этабы менен бөлүп берсин;".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
