# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 368 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 368 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 368
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10765/edition/23757/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 368 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019895

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 368

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

ун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин;

- "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналынын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын аягына чейин:

- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда финансы каражаттарын карасын;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө мекемелеринин штаттык расписаниесин оптималдаштырсын жана алардын штаттык санынын чегин белгиленген тартипте бекитсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
