# Памир-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 04-сентябрындагы №14/3 "Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Памир-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 04-сентябрындагы №14/3 "Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/3
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78368/edition/23685/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Памир-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 04-сентябрындагы №14/3 "Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө" токтому. (04.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019829

---

ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Памир-Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-отуруму

2024-жылдын 04-сентябры №14/3 Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 12 пунктуна таянып, Нура айылынын тургундарынын жазган арыздарын карап чыгып, Памир-Алай айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Памир-Алай айыл аймагын аралап өткөн негизги унаа жолдорунун жээктерине жүк ташуучу унаалар узак убакытка токтотулбасын, атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулсун.

2.Памир-Алай айыл аймагын аралап өткөн ички жана негизги жолдоруна мусор ыргыткан жарандарга 5000 (беш миң) сомдон 15000 (он беш миң) сомго чейин айып пул салынсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге милдеттендирилсин.

4.Көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага:

Койчуман уулу Н.
