# Тилектеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы №9/8 "Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Тилектеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы №9/8 "Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/8
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36639/edition/23657/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тилектеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы №9/8 "Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому. (12.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019804

---

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы 2024-жылдын 12-сентябры № 9/8 Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөө боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөө боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 2 млн 381 022 (эки миллион үч жүз сексен бир миң жыйырма эки) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 15 (он беш) пайыз болгон 357 153 (үч жүз элүү жети миң бир жүз элүү үч) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.

Төрага:

А. Танаев
