Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тилектеш айылдык кеңешинин «Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө» токтому.
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы 2024-жылдын 12-сентябры № 9/8 Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөө боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн Кең-Жылга айылындагы № 45 М.Маназаров атындагы негизги мектебин капиталдык оңдоп-түзөө боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 2 млн 381 022 (эки миллион үч жүз сексен бир миң жыйырма эки) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 15 (он беш) пайыз болгон 357 153 (үч жүз элүү жети миң бир жүз элүү үч) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
А. Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги N 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Күчүн жоготкон