# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 "2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 "2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 809
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36549/edition/23541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 "2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019695

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 48 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 30-декабры № 809 2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

1) 2025-жылдын 1-январынан тартып 7-январына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленсин жана төмөнкүлөр которулсун:

– 2025-жылдын 11-январындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

– 2025-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

– 2025-жылдын 10-мартындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

2) 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп белгиленсин жана ал 2025-жылдын 1-сентябрындагы дем алыш күнгө которулсун.

2. Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 30-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
