Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 31 января 2025 года № 48 "О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики "О переносе выходных дней в 2025 году" от 30 декабря 2024 года № 809"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-01-31.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 48 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 809 2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
1) 2025-жылдын 1-январынан тартып 7-январына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленсин жана төмөнкүлөр которулсун:
– 2025-жылдын 11-январындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
– 2025-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
– 2025-жылдын 10-мартындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
2) 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп белгиленсин жана ал 2025-жылдын 1-сентябрындагы дем алыш күнгө которулсун.
2. Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 30-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 "2025-жылы дем алыш…Постановление · 31.01.2025 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралууПостановление · № №48
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 "2025-жылы дем алыш…Постановление · 31.01.2025 · № 48
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон