# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 767
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019682>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36534/edition/23527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019682.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (13.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019682

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 19-декабры № 767 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияны куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 01-49-5074 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 50-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагындагы Балыкчы токой чарбасынын Көк-Мойнок токойчулугунун Кара-Талаа участогундагы № 53 контурда жайгашкан, мамлекеттик токой фондунун 0,40 га жери өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияны куруу үчүн "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- токой чарбачылыгынын өндүрүш чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;

- көрсөтүлгөн жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык сактоону.

2-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык) 2-2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге укукту мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык) 2-3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалансын. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
