# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5447/edition/23455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (16.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019616

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 16-декабры № 202

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019616/st-1)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 201-глава менен толукталсын:

"201-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар

### [661-берене. Төлөөчү](https://aqlex.ai/kg/doc/230019616/st-661)

Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензинди жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъектилер саналат.

### [662-берене. Төлөө өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү](https://aqlex.ai/kg/doc/230019616/st-662)

Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардын өлчөмү, алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

2) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:

"241) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019616/st-2)

"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын: "17) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардан.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019616/st-3)

Ушул Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 20-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
