# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 371
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10763/edition/23325/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019496

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 371

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин эксперттик-талдоочулук колдоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун уставында:

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Директордун эки орун басары болот, алар Улуттук институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн демилгеси боюнча Улуттук институттун директорунун орун басарларын сунуштоосуз кызматка дайындоого жана ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу. Директордун бир кеңешчиси болот, аны дайындоо тартиби директор тарабынан аныкталат.";

- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17. Директорду жана анын орун басарларын кошпогондо, Улуттук институттун кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп саналбайт. Улуттук институттун директору жана анын орун басарлары саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлейт.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
