Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 766
Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого алынган жыйымдардан түшкөн каражаттар автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат деп белгиленсин.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду он күндүк мөөнөттө бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604…Руководство · 26.08.2015 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын…Постановление · 16.03.2026 · № 179
- Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын…Положение · 19.12.2024 · № 766
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын…Постановление · 16.03.2026 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 30.05.2022 · № 36